29.01.2019 13:03

«Апрель» телеканалынын директору Дмитрий  Ложниковду сотко чакырышты

«Апрель» телеканалынын директору Дмитрий  Ложниковду сотко чакырышты

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту эртең, 30-январда «Апрель» телеканалынын жетекчисинин үстүнөн берилген доо арызды карайт. Бул туурасында April.kg порталына телеканалдын директору Дмитрий Ложников билдирди. 

Жетекчинин айтымында, ага эртеңкиге сотко чакыруу кагазы келген. Соттук отурум саат 14:00гө белгиленген. Анда «Апрель» телеканалынын кызыкчылыгын «Институт медиа полисинин» адвокаты Ахмат Алагушев коргомокчу. 

Эскерте кетсек, мурунку саясатчылар Акматбек Келдибеков, Азимбек Бекназаров жана Кеңешбек Дүйшөбаев экс-президент Алмазбек Атамбаев менен «Апрель» телеканалынын директору Дмитрий  Ложниковдун үстүнөн сотко арызданып, ар биринен 9 миллиондон өндүрүп берүүнү суранышкан. Алардын нааразычылыгына  - экс-президенттин 10-декабрда «Апрель» телеканалына маек берип жатып, бул адамдар тууралуу айткан сөздөрү себеп болгон.

«Апрель» телеканалынын директору Дмитрий Ложников April.kg порталына өз чындыгын коргош үчүн мурунку саясатчылар менен соттошууга даяр экенин билдирген. Телеканал маекте айтылган сөздөргө төгүндөө бербейт. Анын айтымында, Алмазбек Атамбаевдин сөздөрүндө жалаа, же фактыларды бурмалоо жок.